KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарага катышты

24 ноября 2025

2025-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Сатарбек уулу Мирбек 22-ноябрда белгиленүүчү Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган Бишкек шаардык прокуратурасынын расмий иш-чарасына катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Сатарбек уулу Мирбек куттуктоо сөзүн сүйлөп, прокуратура кызматкерлеринин кесипкөйлүүлүгүнө, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамилесине жана мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымына ыраазычылык билгизди.


Бишкек шаардык сотунун атынан бир катар прокуратура кызматкерлерине кесиптик майрамынын урматына жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Ардак грамоталары, грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.