2025-жылдын 28-мартында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жумушчу кеңешме болуп өттү, ага соттун төрагасы Кубанычбек Касымбеков, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн, Октябрь райондук пробация бөлүмүнүн, Октябрь районундагы сот аткаруучулар бөлүмүнүн, Октябрь райондук МАИнин кызматкерлери жана Октябрь райондук сотунун судьялары катышты.
Жыйында сот актыларын аткаруунун бирдиктүү практикаларын иштеп чыгуу маселеси кеңири талкууланды. Ошондой эле, учурдагы кемчиликтерди талдап, аларды жоюу үчүн конкреттүү чаралар сунушталды. Иш-чаранын максаты – келечекте ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алуу жана аталган кызматтардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо. Бул өз ара аракеттенүүнүн жакшыртылышы сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун арттырып, сот чечимдеринин сапаттуу жана ыкчам аткарылышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.