Бүгүн, 2025-жылдын 11-августунда, Бишкек шаардык сотунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кызматтык этика нормаларын сактоо жана сот аппаратынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга жол бербөө маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга шаардык соттун төрагасы Талайбек Абыкеев жана аппараттын бардык кызматкерлери катышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 7-августунда жергиликтүү соттордун төрагалары менен өткөргөн онлайн-жыйынында берилген тапшырманын негизинде уюштурулду. Ал жыйында акыркы мезгилде айрым судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулган.
Мындай учурларды келечекте болтурбоо максатында, Жогорку соттун төрагасы бардык сот органдарында ички жыйындарды өткөрүп, мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүк принциптерин жана жогорку этикалык стандарттарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.
Жыйындын жүрүшүндө Талайбек Абыкеев кызматтык милдеттерди жогорку жоопкерчилик, чынчылдык жана ак ниеттүүлүк менен аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, сот адилеттигине кайрылган жарандарга сылык жана калыс мамиле жасоо керектигин эске салды. Аппарат кызматкерлерине кесиптик этика нормаларын так сактоо, ишинде ачыктыкты жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу талап кылынды.
Мындай жыйындарды өткөрүүнүн башкы максаты — жарандардын сот системасына болгон ишенимин жогорулатуу жана сот бийлигинин коомдогу аброюн бекемдөө болуп саналат.