2025-жылдын 7-мартында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун аппаратында иштеген бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ардак грамоталар, грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.