KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун жамаатына тааныштырылды

27 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча төраганын орун басары Нурлан Мусаев Бишкек шаардык сотунун жалпы жамаатына жаңы төрага Таалайбек Абыкеевди тааныштырды. Иш-чарада Нурлан Мусаев Таалайбек Абыкеевдин юридика тармагындагы чоң кесиптик тажрыйбасын жана эмгегин белгилеп, анын компетенттүүлүгүн жана укук тартибин бекемдөөгө болгон ынтызардыгын баса белгиледи. Ал төрагага келечектеги кызматтык ишинде жана адилеттүүлүктү камсыздоодо ийгиликтерди каалады. Иш-чараны аяктап жатып, Нурлан Мусаев бардык сот кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ар бирине ийгиликтерди, ден соолукту жана ишмердүүлүктө жаратмандыкты каалады.