Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Шарабидин Токтосунов Ленин районунун ИИБ тергөө кызматынын кызматкерлерине кылмыш иштерин сотко жиберүүгө байланыштуу талаптарды жакшыртууга багытталган семинар өткөрдү. Семинар учурунда кылмыш иштеринин материалдарын даярдоонун сапатын жакшыртуунун негизги аспекттери жана алардын сотко өтүшү үчүн талап кылынган нормаларга туура келиши талкууланды.