2025-жылдын 20-21-февралында Бишкек шаардык сотунун судьялары Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн методикалык иш-чараларды өткөрүштү. Иш-чаралардын максаты – мыйзамдарды натыйжалуу колдонууга көмөк көрсөтүү, соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу жана иш кагаздарын жүргүзүү тартибин жакшыртуу болду. Мындан тышкары, иш-чараларда судьялардын кесиптик деңгээлин көтөрүүгө, ошондой эле адилеттикти камсыздоону жогорулатуу боюнча укук колдонуудагы маанилүү маселелер талкууланды.