Бүгүн, 2025-жылдын 8-августунда Бишкек шаардык сотунун судьялары “Эмине Эне” фонду тарабынан уюштурулган “Балага бакыт тартуула” кайрымдуулук акциясына катышышты.
Жаңы окуу жылынын алдында алар балдарга мектепке керектүү кеңсе буюмдарын жана башка керек-жарактарды тапшырып, алардын мектепке даярдыгын жеңилдетүүгө жана жаңы окуу жылынын башталышы менен кубаныч тартуулоого салым кошушту.
Иш-чарага жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Сатарбек уулу Мирбек жана судья Минура Накешова катышты.
Балдарга кайрылуу менен Сатарбек уулу Мирбек аларга бекем ден соолук жана окууларына ийгилик каалады: “Билим сиздердин алдыңыздарда кең мүмкүнчүлүктөрдү ачып, максаттарыңыздарга ишенимдүү жетүүгө жардам берет. Биз сиздердин келечегиңиздер кең экенине ишенебиз” – деп белгилеп кетти.
Мындай иш-чараларды өткөрүү сот тутумунда жакшы салтка айланып калды. Балдарды колдоо — бул боорукерликтин жана адамгерчиликтин белгиси.
Судьялар мындай демилгелер мындан нары да кайдыгер карабаган адамдарды бириктирип, өсүп келе жаткан муундун өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдиришти. Себеби кичинекей камкордук да баланын жашоосунда чоң мааниге ээ болуп, анын бактылуу жана ишенимдүү келечегине багыт бере алат.