Бишкек шаардык сотунда ишембилик болуп өтүп, анын алкагында судьялар жана аппарат кызматкерлер биргелешип айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалап, жашыл өсүмдүктөрдү тартипке келтиришип. Мындан тышкары, сот имаратынын ичинде да тазалык иштерин жүргүзүштү. Бул күн кесиптештер үчүн биргеликте иштешип, ички байланыштарды чыңдап, иш ордунда ыңгайлуу жана жагымдуу атмосфера түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду.