KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужол» программасынын алкагында соттун иши менен таанышты

14 ноября 2025

2025-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Юриспруденция» багыты боюнча билим алган Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер судья Мадамин Азимжановдун төрагалыгы астында өтүп жаткан кылмыш иштери боюнча ачык сот отурумуна катышышты. Мындан тышкары, судья «Адилеттүүлүк, абийир жана жоопкерчилик — жарандын сапаттары» аттуу тематикалык лекция окуп берди. Лекция «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужол» доктринасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.


Жолугушуу маалында студенттер сот системасынын ишмердүүлүгү, судьянын күнүмдүк милдеттери жана кылмыш иштерин кароонун практикалык өзгөчөлүктөрү боюнча кызыктырган суроолорун берип, кеңири маалымат алышты.


Иш-чаранын соңунда катышуучулар соттук практика менен жакындан таанышууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылыктарын билдирип, бул тажрыйба келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгилешти.