Бүгүн, 2025-жылдын 17-октябрында Бишкек шаардык сотунда кылмыш иштери боюнча иш алып барган судьяларга методикалык жардам көрсөтүү боюнча пландуу жыйын болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча төраганын орун басары Адис Момуналиев, Бишкек шаардык сотунун судьялары жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары катышышты.
Жыйындын алкагында кылмыш иштерин кароо учурунда жаралган актуалдуу маселелер жана боштуктар талкууланды. Көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча методикалык жардам көрсөтүлүп, аларды жоюу боюнча так сунуштар берилди. Төраганын орун басары Адис Момуналиев, судьялар Кымбат Архарова, Нурлан Эсенбаев жана Бекболот Жаналиев эң көп кездешкен мыйзам бузууларга токтолуп, аларды алдын алуу боюнча практикалык мисалдар жана түшүндүрмөлөр менен бөлүшүштү.