2025-жылдын 31-октябрында Бишкек шаардык сотунда “Сот тутуму үчүн Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун иш-планынын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо максатында иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз тилин колдоо жана “Кыргыз тилим – адилеттүүлүккө үндөгөн тил” долбоорунун алкагында сот тутумунун кызматкерлери үчүн кыргыз тилинде чечендик өнөр боюнча тренинг уюштурулду.
Тренингди 7-канал телерадиокомпаниясынын редактору, тажрыйбалуу журналист Жанара Кайыпбекова өткөрдү. Иш-чарага Бишкек шаардык сотунун аппарат кызматкерлери катышып, чечендик өнөрдүн негизги ыкмалары, сөз маданияты жана расмий сүйлөө чеберчилиги боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, өз кесиптик ишинде кыргыз тилин сапаттуу колдонуу боюнча сунуштар менен таанышты.
Тренингдин соңунда Бишкек шаардык сотунун жетекчилиги тарабынан Жанара Кайыпбековага ыраазычылык каты тапшырылды.




