2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаардык сотунда Улуттук адабият күнүнө карата жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-пландын алкагында маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты «Манас» эпосун таанытуу, улуттук маданий мурастарды жаштарга жана мамлекеттик кызматкерлерге жеткирүү, патриоттук жана руханий баалуулуктарды чыңдоо болду.
Бул иш-чарага Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери Айнагүл Токтогулова, ошондой эле Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын окутуучусу Каныкей Исакова жана аталган кафедранын студенттери катышышты. Алар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, эпостон алынган кичи спектаклди аткарып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин адабияты, тарыхы жана маданияты тууралуу мазмундуу маалыматтар берилип, катышуучуларга чоң таасир калтырган пикир алышуулар болду.
Иш-чаранын соңунда Бишкек шаардык сотунун атынан катышуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.




