2025-жылдын 12-февралында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын 1-курсунун студенттеринин катышуусунда ачык эшик күнү болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Жамиля Сабитова төрагалык кылган кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын сот отурумуна байкоо жүргүзүштү.
Студенттер соттук материалдарды кароонун процессуалдык тартиби менен таанышышты. Мындай иш-чаралар студенттерге сот системасынын иштерин жакшыраак түшүнүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн практикалык жөндөмүн калыптандырууга жардам берет.