KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Сот системасынын иштеши: студенттер үчүн практикалык тажрыйба

10 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын 1-курсунун студенттери окуу-практикалык сапардын алкагында Бишкек шаардык сотуна келишти.

Сапардын жүрүшүндө студенттер соттун ишмердүүлүгү менен таанышып, сот процесстеринин уюштурулушу тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле алар сот системасынын иштөө тартиби, судьялардын жана кызматкерлердин милдеттери боюнча түшүндүрмөлөрдү угушту.

Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга өбөлгө түзүп, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган.