Бишкек шаардык соту “Эмине эне” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган “Балага бакыт тартуула” кайрымдуулук акциясына активдүү катышты. Бул демилгенин алкагында судьялар жана аппарат кызматкерлери оор кырдаалга кабылган балдардын жашоосун жакшыртууга багытталган каржылык колдоо көрсөтүштү. Бул иш-чара социалдык жоопкерчиликтин жана өсүп келе жаткан муундун келечегине кам көрүүнүн бир мисалы болуп саналат.