KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Ош облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун ишинин жыйынтыктары боюнча отчетторду укту

15 февраля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 15-февралында, Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Ош облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган эки онлайн кеңешме болуп өттү.


Адаттагыдай эле Жогорку соттун жетекчилиги Ош облустук жана Бишкек шаардык сотторунун төрагаларынын жана төрага орун басарларынын ар бир судьянын ишинин жүктөмү жана сот адилеттигинин сапаты тууралуу маалыматын видеоконференция аркылуу укту.


Ош облустук сотунун кылмыш жаза иштери боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев жана  административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Статистикалык маалыматка ылайык, жалпысынан 2023-жылы Ош облусунун жергиликтүү сотторуна калдыгы менен 32282 иш келип түшкөн, ал эми 2023-жылы 31362 иштер жана соттук материалдары каралса, 2022-жылы бул көрсөткүч 28791 ишти түзгөн. Бул 2571 ишке (8, 92%) көп каралгандыгын көрсөтөт. Каралган иштердин 2438, б.а. (7,8%) гана апелляциялык тартипте даттанылып, 1671 (68,3%) иш өзгөртүүсүз калса, 550 (20,6%) жокко чыгарылып, 217 иш (8,9%) өзгөртүлгөн.


Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Ош облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо баяндама жасап, анда биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун иштерди кароонун сапаты боюнча маалымат берди.


Мындан тышкары, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боронбаев белгилегендей, 2023-жылы мекеме-ишканаларга карата мыйзам бузууларды жоюу максатында шаардык жана райондук соттор тарабынан жалпысынан 121 жеке аныктама чыгарылган.


Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарууда, Бишкек шаардык сот тарабынан борбордогу райондук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишмердиги жана ишинин сапаты талданды.


Талдоо көрсөткөндөй, 2023-жылы Бишкек шаары боюнча каралган иштердин саны 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Эгерде 2022-жылы 57 536 сот иши каралса, 2023-жылы 68 365 иш каралган, башкача айтканда 10 829 ишке көбөйгөн, бул 15,8% ды түзөт.


Бишкек шаардык сотунда иштерди  кароодо күчүндө калгандыгы  74,39 % ды түздү.


Өзгөчө көңүл жеке аныктамалардын санына жана натыйжаларына бурулду. Бишкек шаардык соту тарабынан 10 жеке аныктама, ал эми Бишкек шаарынын Административдик жана  райондук соттору тарабынан 179 жеке аныктама чыгарылган.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев жокко чыгарылган соттук актылардын санын азайтуу үчүн биринчи инстанциядагы судьяларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, процесстик мөөнөттөргө өзгөчө басым кылып, аларды сактоо соттордун маанилүү милдеттеринин бири экендигин белгиледи.