2022-жылдын 31-августунда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Жогорку Элдик соту ШКУ өлкөлөрүнүн аймактык сотторунун ортосундагы сот алмашууну жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн соттук кызматташуу механизмдерин кеңейтүү максатында Кытай-ШКУнун аймактык сотторунун экинчи форумун онлайн режиминде өткөрдү.
Форумга ШКУга мүчө-мамлекеттердин облустук сотторунун төрагалары жана судьялары катышты. Ошондой эле «ШКУнун алкагында аймактык соттордун ортосундагы соттук кызматташууну тереңдетүү» темасында сот адилеттигин өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары боюнча онлайн талкуулар болду.
Кыргыз Республикасынын сот тутумунун атынан Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары Мирад Динеев катышып, «Жазык-процессуалдык далилдер менен камсыз кылуунун улуттук эрежелери» деген темада баяндама жасады.
Мирад Динеев, өз сөзүндө жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жана атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү – бул сот өндүрүшүндө далилдерди камсыз кылууда чоң мааниге ээ экендигин белгилеп кетти.