KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коңшу өлкөдөн күбөнүн онлайн режиминде биринчи сурагы өткөрүлдү

19 августа 2022

Кылмыш ишин кароонун алкагында Ш.Р. жана бир катар адамдардын мүлкүнө каршы атайылап кылмыш жасагандыгы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков видеоконференция аркылуу Казакстан Республикасынын жараны Б.Н.С.ны күбө катары  суракка алуу зарыл деп тапты.


Тиешелүү суроо-талап жана соттун чечими Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлгөн. Юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү казак тарап тарабынан колдоого алынган.


Бүгүн, 2022-жылдын 19-августунда, аталган кылмыш иши боюнча кезектеги сот отурумунда видеоконференц байланыш аркылуу биринчи эл аралык сурак өткөрүлдү.


Мирлан Термечиков белгилегендей, бүгүнкү күндө сот залынын техникалык жабдылышынын аркасында аралыктан сурак жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү ачылууда, бул албетте сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга таасирин тийгизүүдө. Бул режимде суракка алуу процесстин чет өлкөдө жүргөн катышуучусунун да убактысын жана акчасын үнөмдөйт. Эгерде ал жабырлануучу болуп, Кыргыз Республикасына келе албаса, анын сот адилеттигине жетүү укугун камсыздайт.


«Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин талдоочусу Максат  Мамырбековдун  айтымында, аралыктан байланышты камсыз кылууда  жана уюштурууда эч кандай техникалык кыйынчылыктар болгон эмес. Байланыш туруктуу жана сапаттуу болгон.


Коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучуна байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн башталышы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде жаткан процесстин катышуучуларын суракка алуу практикасы киргизилгендигин белгилейбиз. Мындай чара айыпталуучуларды соттук отурумдарга  атайын транспорттор менен ташуу жана  кайтаруу   маселелериндеги түйшүктөрдү гана азайтпастан, аларга каралган материалдык чыгымдарды  кыскартууга  да шарт түзмөкчү.


Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги облустук соттор жана Бишкек шаардык соту менен видеоконференц байланыш режиминде онлайн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат, бул ички байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууда.