KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту судья Алмаз Кудайбергеновду ардактуу эс алууга узатышты

15 ноября 2022

2022-жылдын 14-ноябрында  Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмаз Кудайбергеновду ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болду. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, “Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрайымы Дилара Арстанбаева, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  директору Эльмира Байтикова, ошондой эле Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаарынын ички иштер  башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан куттуктоо сөзүн Нурлан Мусаев окуп берди.


Тамыры күчтүү дарактын бутагы эч качан куурабайт. Элдин алкоосуна арзып, акыйкат иш алып баруу чоң жоопкерчиликти жана чыдамкайлыкты талап кылат. Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту туу тутуп, убагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда талыкпай иштеп, көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиз.


Сот органдарында үзүрлүү эмгегиңиз  үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген ардактуу наамга ээ болдуңуз.


Сизден тарбия алып, тажрыйба үйрөнгөн жаш судьялар,  кийинки муундагы Аппарат кызматкерлери да өзүңүздөй сот тутуму  үчүн адилеттүү иштешет  деп ишенем.


20 жылдан ашык өмүрүңүздү сот тутумуна арнап, эми ардактуу эс алууга кетип жатасыз. Кутман курак 65 жаштын дагы бирин жашаңыз.  Сиз дагы да сот тутумуна өз салымыңызды кошосуз деп эсептейм”,- деп жазылган төраганын куттуктоосунда.


Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылдын 13-ноябрында Алмаз Кудайбергенов 65 жашка толду.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып бошотулду.