Бүгүн, 2022-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаардык сотунда Эл аралык карылар күнү белгиленди. Иш-чарага Бишкек шаардык сотунун судьялары жана ардагерлер катышышты.
Бишкек шаардык сотунун судьялары жана жетекчилиги чакырылган ардагерлерге сот системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.