KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда Эл аралык карылар күнү белгиленди

01 октября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 1-октябрында Бишкек шаардык сотунда   Эл аралык карылар күнү   белгиленди.  Иш-чарага  Бишкек шаардык сотунун судьялары жана ардагерлер катышышты.


Бишкек шаардык сотунун судьялары жана  жетекчилиги чакырылган ардагерлерге сот системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.  Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев ардагерлердин сот тутумуна кошкон эмгектери жана салымы кийинки жаштарга үлгү болоорун белгиледи.


Сот системасынын ардагерлери өз кезегинде сот тутумунун бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, адилеттүүлүк жана сапаттуу сот адилеттигин ишке ашырууну каалашты.