2021-жылдын 28-июнунда, Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш планына ылайык, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Аккозуев Т.Н., судьялар Воронцова И.Н. жана Сабитова Ж.С. Бишкек шаарынын райондук сотторунун тергөө судьялары менен атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуу өткөрдү.
Бул жолугушуунун максаты — камакка алуунун мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн текшерүү жана алдын-алуу чараларын колдонуу боюнча тергөө судьяларынын ишин талдоо, материалдарды кароодо туура жана бирдей укук колдонуу практикасын иштеп чыгуу, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу үчүн судьялардын укуктук билимдерин жана кесипкөйлүгүн теориялык жана практикалык көйгөйлөрдү изилдөө аркылуу жогорулатуу болуп эсептелинет.