Бүгүн, 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаардык соту мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жана кесиптик этикасын жогорулатуу максатында «Укуктун приоритети» коомдук фонду менен биргеликте сот кызматкерлери үчүн «Кесиптик этика жана коррупцияга каршы саясаттын негиздери» атту темадагы кезектеги семинар өткөрдү.
Бул семинарга соттун 15тен ашык кызматкерлери катышышты.
Семинарды Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу, практик юрист, эксперт жана тренер Кыдырмамбет кызы Мээрим өткөрдү.