KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда сот кызматкерлеринин күнү белгиленди

05 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-мартында Бишкек шаардык сотунда сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Иш-чарада Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаарынын прокурору Эмильбек Абдыманнапов, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Омор уулу Айбек, Бишкек шаарынын ИИБ башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү куттуктоо сөз сүйлөп, судьяларды жана аппарат кызматкерлерин медальдар, Ардак грамоталар, грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйлашты.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев сот тутумунун натыйжалуу иштешине өз салымын кошуп жаткан жалпы судьяларга, аппарат кызматкерлерине, ардагерлерге талыкпаган эмгеги, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөзүндө “Ушул жыл сот тутуму үчүн өзгөчө жыл, анткени быйыл сот тутумунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл болду.  Сот тутуму өзүнүн 100 жылдык мааракесин олуттуу натыйжалар менен тосуп жатат десем ашыкча болбос. Азыркы учурда сот реформасы боюнча аткарылып жаткан иштер, сот тутумунун ролун жогорулатып, сотторго болгон терс көз караштарды өзгөртүүгө жумшалып жатат.” — деп белгилей кетти.