KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда сот кызматкерлеринин күнү белгиленди

03 марта 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 3-мартында Бишкек шаардык сотунда сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Сыдыков, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Сүйүндүк Мамыров, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков куттуктоо сөз сүйлөп, судьяларды жана аппарат кызматкерлерин медалдар, Ардак грамоталар, грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев сот системасынын кызматкерлерине сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу үчүн жогорку профессионалдуулукту каалады.