KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Свердлов райондук сотунун судьясы кармалган айдоочуга карата колдонулган баш коргоо чарасы боюнча чечимин журналисттерге түшүндүрдү

18 января 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 16-январында Жогорку соттун басма сөз борборунда Бишкек шаардык сотунун судьялары Мирад Динеев менен Сүйүнбек Бекташев жашы жете элек Ж.А.ны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы жана бул иш боюнча айрым айыпталуучулардын эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн кыскартуу боюнча козголгон кылмыш ишине түшүндүрмө беришти.


Маалымат жыйынынын жүрүшүндө судьялар 2023-жылдын 12-январында бул кылмыш ишин Бишкек шаардык соту карап, ага карата төмөндөгүдөй өкүм чыкканына түшүндүрмө беришти.


Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 12-январындагы чыгарылган өкүмү менен Бишкек шаарынын  Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын  30-августунда Н.К.С., А.Э.Ж. жана К.Д.А. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлгөн.


Айыпталуучу А.Э.Ж. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 156-бер. 3-б. менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат оордун элөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 77-бер. негизинде А.Э.Ж. карата дайындалган жазалары жарым-жартылай кошулуп, биротоло 3 жылга белгилүү бир кызмат оордун элөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен тогуз жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсүн деп аныкталган.


Айыпталуучу К.Д.А. Кыргыз Республикасынын (2017-ж. ред.) Жазык кодексинин 163-бер. менен күнөөлүү деп табылып эки жылга эркиндигинен ажыратылган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза  кодексинин 77-бер. негизинде ага карата дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло үч жылга белгилүү бир кызмат оордун элөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен алты жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги  түзөтүү абактарында өтөсүн деп аныкталган.


Тергөө органдары тарабынан К.Д.А. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2021-ж. ред.) боюнча 156-беренесинде каралган кылмышты жасоодо айыбы угузулган. Айыпталуучу К.Д.А. кылмыштуу аракети 2021-жылдын 15-сентябрында орун алган, ал учурда Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы редакциясындагы Жазык-кодекси колдонууда болгон. Андыктан Кылмыш-жаза кодексинин 12-беренесинин негизинде, жосундун кылмыш-жаза укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү жагдайлар өткөл мезгилге карата колдонулаары көрсөтүлгөн. Андыктан айыпталуучу К.Д.А. аракети 2017-жылдагы редакциясындагы Жазык кодексинин 163-беренеси боюнча жиктелип, жаза белгиленген.


Н.К.С. ге жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсүн деп аныкталган.


Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн, Д.А.К. Кыргыз Республикасынын (2017-ж. ред.) Жазык кодесинин  164-бер. менен күнөлүү деп тапкан бөлүгү, жана К.С.Н., Э.Ж.А. жана Д.А.К. жазаларын жалпы тартиптеги тарбиялоо абагында өтөсүн  деген бөлүгү алынып салынган.


Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Апелляциялык сунуш канаттандырылган. Апелляциялык даттануулар канааттандыруусуз калтырылган.