KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунун судьялары 3 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу айыпталуучуга карата колдонулган баш коргоо чарасы туурасындагы чечими боюнча журналисттерге түшүндүрмө беришти

01 февраля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз борборунда Бишкек шаардык сотунун судьялары Мирад Динеев, Улан Садырбеков жана Алмаз Калбаев 2024-жылдын 31-январында чыгарылган чечим боюнча журналисттерге толук түшүндүрмө беришти.


Тактап айтканда, судьялар Т.А. га карата үй камагына алуу чарасы тергөө мөөнөтүндө колдонулганын, иш тергөө стадиясында экенин, ал маңызы боюнча кароо үчүн сотко бериле электигин түшүндүрүштү. Тергөө органдары тарабынан Т.А. га  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү жана 127-бөлүгүнүн 2-беренеси боюнча айып тагылып, алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесине ылайык анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине ылайык, Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат.


Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн. Эгерде айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда,  ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда,  ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса.  Ошентип, мыйзамга ылайык, Т. А. га карата бөгөт коюу чарасын колдонуу камакка алуу түрүндө колдонууга болбойт, анткени анын ким экендиги аныкталган, туруктуу жашаган жери бар, тергөө органдарынан жана соттон жашырынган эмес, мурда тандап алган бөгөт коюу чарасы бузулган эмес.


Ушуга байланыштуу апелляциялык инстанциядагы сот Т.А. га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган.