KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Жеңил атлетика жарышына Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери катышты

17 октября 2021

Бүгүн, 2021 -жылдын 17 -октябрында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети сергек жашоону жайылтууга, ден соолукту чыңдоого жана массалык спортту өнүктүрүүгө чоң маани берип, жыл сайын 19 -октябрда белгиленүүчү жана майрамдалуучу Профсоюз жана Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүнө карата республиканын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери арасында жеңил атлетика боюнча жарыш өткөрдү.


Бул марафонго Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери да катышты.


Жеңил атлетика жарыштары 500 метр, 3 км., 6 км аралыкта өттү.


3 км. аралыктагы жарышта биринчи орун Бишкек шаардык сотунун кызматкери Үсөнгазы уулу Канатбекке берилди.


Марафондун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына сыйлыктар жана эстелик футболкалар тапшырылды.