KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйыны болуп өттү

24 ноября 2021

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйналышы болуп өттү.


Жыйынга ошондой эле, Бишкек шаардык сотунун төрагасы, орун басарлары жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары катышты.


Пленумдун жыйналышынын алкагында “Соттун чечимин аткаруу мөөнөтүн жылдыруу, узартуу, аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу арыздарды кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуудагы айрым маселелер жөнүндө” жана “Кыймылсыз мүлккө болгон укуртарды каттоо менен байланышкан талаштарды чечүүдө мыйзамдарды колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө” долбоорлор талкууланды.


Биринчи маселе боюнча кошумча баяндама менен Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгуль Илиязова чыгып, өз баяндамасында бул Пленумдун биринчи токтому экендигин белгилеп, мыйзамдарды колдонууда, мөөнөтүн жылдыруу, узартуу, аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу арыздарды кароодо  сотторго түшүндүрмө берерин айтып өттү.


Ошондой эле талкууланып жаткан токтом долбоору арыз укугунда актуалдуу жана зарыл, анткени андагы түшүндүрмөлөр соттор үчүн гана эмес, соттук аткаруучулар жана аткаруу өндүрүшүнүн катышуучулары үчүн да талап кылынарын билдирди.