KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

18 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына карата Бишкек шаардык сотунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Юбилейдин урматына, ошондой эле мыйзамдуулукту камсыз кылууга, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин беделин жогорулатууга умтулгандыгы эске алынып, бир катар судьялар жана сот кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Бишкек шаардык сотунун медалдары, Ардак грамоталары, грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.