KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кытай Эл Республикасынын эксперттери менен жолугушуу болуп өттү

28 марта 2024

Кечээ, 2024-жылдын 27-мартында, Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана «Адилет сот» мекемесинин жетекчилиги  сот органдарынын маалыматтык системаларынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүп,  керектүү жабдуулардын тизмесин аныктай турган Кытай Эл Республикасынын эксперттер тобу менен жолугушту.


Жолугушууга Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, төраганын орун басарлары – Мирад Динеев, Болотбек Сатыбалдиев жана Мадамин Азимжанов, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы Алмаз Калыбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева, директордун орун басары Динара Качкыналиева, ошондой эле «Адилет сот» мекемесинин директору Рустамбек Шабыев катышышты. Кытай тараптан: Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун башкы инженери  Шан Ченлин, Ляонин Ли Гуосинь провинциясынын Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери  Хоу Ифань,  КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун маалыматтык технологиялар инфраструктурасы бөлүмүнүн расмий өкүлү Ли Фэнься жана КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун пландоо жана башкаруу бөлүмүнүн кызматкери  Юань Линь болушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө соттор тарабынан сот отурумдарынын залдары, техникалык жабдуулар, АМС «Сот», Аудио-видеофиксациялар, сот отурумдарынын протокол жүргүзүүсү , ошондой эле сервердик жайлар көрсөтүлдү.


“Адилет сот” мекемесинин өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын автоматташтырылган маалыматтык системасы» жана «Кыргыз Республикасынын сот системасынын маалыматтык технологияларын өнүктүрүү» тууралуу презентацияларды көргөзүштү.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби окуу порталы жөнүндө презентация жасады.


Тараптар мүмкүн болгон жакшыртууну жана кийинки кадамдар жөнүндө сунуштарды киргизишти.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын октябрында Замирбек Базарбек башында турган кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту тарабынан уюштурулган «Деңиз Жибек Жолу» аттуу соттук кызматташтык боюнча эл аралык форумга катышууга чакырылган. Иш сапардын  алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун төрагасы Чжан Цзюнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө санариптик трансформациялоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын сот тутумун колдоо жөнүндө макулдашылган.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан сот тутумун санариптик трансформациялоо, анын ичинде ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу,  кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү үчүн санариптик форматка толук өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул максатка жетүү үчүн санариптик демилгелерди стратегиялык башкаруу жана координациялоо менен алектенген санариптик өнүгүү боюнча стратегиялык топ түзүлгөн. Коопсуз жана туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн негизги милдет болуп саналат.