KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев төраганын жаңы орун басарларын тааныштырды

17 мая 2022

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев Бишкек шаардык сотунун судьялары менен кеңешме өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 16-майындагы №102 токтомун жарыялады.


Жогорудагы буйруктун негизинде, төрага Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жаңы орун басарларын:  административдик иштер боюнча Болотбек Сатыбалдиевди,  жарандык жана экономикалык иштер боюнча Мадамин Азимжановду жана кылмыш иштери боюнча Мират Динеевди тааныштырды.


Ошондой эле, жыйында жаңыдан дайындалган соттордун жана төраганын орун басарларынын ишине талап катуу боло турганы айтылып, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууну жана эмгек тартибин так сактоону бардыгынан суранды.