Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев соттун атынан Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу, практик юрист, эксперт жана тренер Кыдырмамбет кызы Мээримге «Кесиптик этика жана коррупцияга каршы саясаттын негиздери» деген темада семинарды соттун кызматкерлерине өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.