KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова USAIDдин "Укук булагы" долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту

30 января 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 30-январында, Бишкек шаарынын Административдик сотунда, аталган соттун төрайымы Чолпон Досмамбетова USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту.


Жолугушууга Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьялары: Азиз Эшалиев, Акылбек Досалиев жана Гульзат Дыйканбаева, ошондой эле долбоордун өкүлдөрү: Алмаз Касымбеков, Назира Раимжанова жана Динара Молдошева катышышты.


Тараптар талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү тартибин өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылууга жана талаш-тартыштарды соттон тышкары жөнгө салууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти.