KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда бир катар токтомдор кабыл алынды

04 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы  Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү.


Жыйынга Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар видеоконференц байланыш аркылуу чыкса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын өкүлдөрү катышышты.


Пленумдун күн тартибинде төрт маселе каралды:


Мурастык укуктук мамилелерден келип чыккан талаштарды кароо менен байланышкан жарандык иштер боюнча соттук тажрыйба жөнүндө;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун айрым токтомдору күчүн жоготту деп таануу жөнүндө;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү.


Биринчи маселе боюнча кошумча баяндама менен Бишкек шаардык сотунун судьясы Дамир Молоев чыгып, өз баяндамасында ушул убакытка чейин соттор мурастык укуктук мамилелердин келип чыккан талаштарды чечүүдө Кыргыз ССРнин Жогорку Сотунун Пленумунун 1990-жылдын 23-февралындагы токтомун жетекчиликке алып келгендигин белгилеп, бирок арадан 32 жыл өтүп, бүгүнкү талкууланып жаткан токтом өтө зарыл болуп тургандыгын айта кетти.


Республикада жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын шартында, Пленумдун бул токтомунун жоболору, соттордун ишин бирдиктүү тажрыйбага келтирүүнүн алгылыктуу шарттарынын бири болуп каларын да баса белгиледи.


Баяндамада судья Дамир Молоев, токтомдун долбоорунда бул убакытка чейин мурастык укуктук мамилелерден келип чыккан талаштарды чечүүдө соттордо кыйынчылыктарды жараткан маселелерге жоопторун камтыган жоболорго токтой кетти.


Сөзүнүн аягында бул токтом өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу бирдей соттук тажрыйба түзүлүшүнө көмөк көрсөтөт деп айтып кетти.