KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Биринчи май райондук соту Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин куттукташты

07 мая 2024

Бүгүн,  2024-жылдын 7-майында,  1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын утурлай  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери согуштун ардагери Сухинин Михаил Николаевичти куттукташты.


Судьялар жана аппараттын кызматкерлери сот ардагерине бекем ден соолук, узун өмүр каалап, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын  эрдиги жана баатырдыгы аркылуу  бүгүн биз тынч мезгилде жашап жатканыбызга ыраазычылык билдиришти. Судьялар белектерди тапшырып, Михаил Николаевичке материалдык жардам көрсөтүштү.


Ардагер куттуктоолор үчүн терең ыраазычылык билдирип, жалпы элге тынчтык жана бакубатчылык каалады.


Сухинин Михаил Николаевич 1927-жылдын 2-октябрында туулган.  1944-жылы декабрда армияга чакырылып, Литвага жакын жердеги 72-запастагы аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1951-жылы апрель айында демобилизацияланган.  Андан соң В.И.Ленин атындагы заводдо иштеп, Политехникалык институтта окуган. Окууну аяктагандан кийин ар кандай кызматтарда иштеген. «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Бир уулу жана эки небереси бар.