KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Н.Бакирова Бишкек шаардык сотунун биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктарын чыгарган кеңешмеге катышты

13 августа 2021

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын катышуусунда 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык сотунун жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун ишинин жыйынтыктары боюнча видеоконференция режиминде жыйын болуп өттү.


Жыйынга ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы, орун басарлары жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары катышты.


Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча райондук соттордун төрагалары, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык-экономикалык, кылмыш иштер жана жоруктар жана административдик иштер боюнча орун басарлары доклад жасашты.


2021 -жылдын биринчи жарымында каралып жаткан иштердин саны 2020 -жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн, эгерде 2020 -жылы 17 981 сот иши каралса, 2021 -жылы 24 663 иш болгон, башкача айтканда 6 682 ишке көбөйүп,  27,09% түзгөн.


Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны 2021 -жылы 2020 -жылга салыштырмалуу 673 ишке, же болбосо 27,59%га көбөйгөн, эгерде 2020 -жылы 1 766 сот иши каралса, 2021 -жылы 2439 сот иши болгон.


Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө, жергиликтүү соттордун ишин жакшыртуу зарылдыгы, анын ичинде кетирилген каталарды талдоо жана четтетүү, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамды так сактоо, козголгон иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү сактоо маселелери талкууланды.


Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарын, судьянын Ар-намыс кодексин бекем сактоого, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу менен бирге иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрүн сактоого чакырды.


Төрайым  жергиликтүү соттордун судьяларын компетенттүү, аракетчил болууга, ошондой эле  тартипти сактоону талап кылды.


Нургуль Бакирова  жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


Видеоконференциянын жыйынтыгында Нургуль Бакирова судьяларга  сот системасынын  ачык-айкындуулугун камсыздоо бүгүнкү күндүн  талабы экендигин  эскертти.