KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Нурбек Эсеналиев Бишкек шаардык сотунун жамаатын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

30 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 30-августунда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык сотунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага судьялар жана Бишкек шаардык сотунун аппаратынын кызматкерлери катышты.


Майрамдык салтанатты ачып жатып, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев эмгек жамаатын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.


Бишкек шаардык сотунун атынан ак ниет жана үзүрлүү эмгектери үчүн судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланышты.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти, Бишкек шаардык Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан сыйлыктар тапшырылды.