KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Кытай Эл Республикасынын делегациясы Бишкек шаардык сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

05 декабря 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 5-декабрында, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев Кытай Эл Республикасынын судьяларын кабыл алды

Төрага Нурбек Эсеналиев шаардык соттун ишмердүүлүгү туурасында токтолуп, экинчи инстация туурасында кененирээк маалымат берип, ошондой эле апелляциялык өндүрүштүн жалпы жоболорун түшүндүрдү.

Мындан тышкары, төраганын орун басарлары Болот Сатыбалдиев, Мадамин Азимжанов, судья Жамиля Сабитова сот залдарын таашынтыруу менен бирге, соттук отурумдарды өткөрүүнүн тартиби жана ага байланышкан аудио-видео жазууларды колдонуу боюнча жалпы маалымат беришти.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын курамында: делегациянын башчысы, улук судья, Шаньдундун Жогорку Элдик соттун төрагасынын орун басары Цзян Дунбинь, улук судья, орто этаптагы элдик соттун төрагасы Циндао Чжан Чжэнчжи, улук судья, орто этаптагы Элдик соттун төрагасы Яньтая Юй Сяодун, улук судья, Шаньдундун Жогорку Элдик Сотунун үчүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Лю Чжэньхуэй, Шаньдундун Жогорку Элдик Сотунун биринчи жазык палатасынын улук судьясы, Башкы судьянын орун басары Луо Ин, Шаньдундун Жогорку Элдик Сотунун төртүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Ли Чэньтао бар.