2021-жылдын 30-июнунда, Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш планына ылайык, Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары менен материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонуу практикасынын талаштуу маселелерин талкулоого семинар-кеңешме өткөрдү.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын соттору тарабынан жарандык жана экономикалык иштерди кароодо материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин бирдей чечмелөө жана колдонуу көйгөйлөрү талкууланды.
Бул жолугушуу Бишкек шаардык соту тарабынан жарандык жана экономикалык иштерди карап жаткан райондук соттордун судьяларына практикалык жана усулдук жардам көрсөтүү, ошондой эле сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу үчүн судьялардын укуктук билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу, теориялык жана практикалык көйгөйлөрдү изилдөө аркылуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу максатында уюштурулган.