Жыл сайын 22-ноябрда Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-июлундагы №456 токтому менен белгиленген Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленет.
Бүгүн, 2021-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаардык соту прокурорлордун өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кошкон зор салымын үчүн, ошондой эле прокуратура менен сот органдарынын кызматкерлерин тыгыз кызматташуусу үчүн кесиптик майрамы менен куттукташты.
Прокуратурада өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаардык сотунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Куттуктоо сөзүндө соттун төрагасы Алыбаев Азамат кызматкерлерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгиликтерди каалады.