KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөттү

01 июня 2021

Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоонун урматына жана кайрымдуулук иш чарасы катары Бишкек шаардык сотунун судьялары жана кызматкерлери Сокулуктагы майып балдардын реабилитациялык борборуна барышты.


Балдар борборунун кызматкерлери жана тарбиялануучулары соттун кызматкерлерин жылуу маанайда тосуп алышып, балдар чакан концерт тартуулашты. Бишкек шаардык соту 30 миң сомдук тамак-аш, керектүү буюмдар жана белектер түрүндө жардам көрсөттү.


Балдар борборунун директору менен баарлашуу учурунда балдардын саны жана алардын тарбиячыларынын курамы, борбордун материалдык жактан камсыздалышы, алардын көйгөйлөрү жана муктаждыктары жөнүндө маалымат алынды. Сокулук реабилитациялык борборунда 4 жаштан 18 жашка чейинки 74 майып бала жашайт.


Өз кезегинде Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Гульмира Садыкова балдарды майрамы менен куттуктап, ден-соолук каалап, ачык асман алдында жаркын келечекке жетүүсүнө  тилектеш экенин  билдирди! «Балдар биздин калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт жана биздин келечегибиз » деп белгиледи.