KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда ачык эшик күнү өткөрүлдү

04 февраля 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 4-февралында, Бишкек шаардык сотунда ачык эшик күнү болуп өттү.


Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаардык соту окуучулардын укуктук аң-сезимин жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында экономика жана укук предметтерин тереңдетип окуткан №33 мектеп-гимназиясы менен биргеликте практикалык сабак уюштуруп, анда 30га жакын 10-классынын окуучулары катышышты.


Сабак ролдук оюндар түрүндө өттү. Анын жүрүшүндө окуучулар моралдык жана материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө талаш-тартыш жарандык иштери боюнча соттук териштирүүнү көрсөтүштү. Алар судьянын, доогердин, жоопкердин, сот отурумунун катчысынын, тилмечтин, өкүлдүн, эксперттин ж.б. милдеттерин көргөзүштү.


Практикалык сабактын жүрүшүндө окуучулар сотто жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо практикасын үйрөнүштү.


Бул иш-чарага Бишкек шаардык сотунун судьялары Жамиля Абдумомунова жана Азизбек Досмамбетов катышты.


Иш-чаранын соңунда судьялар сабакты жыйынтыктап, окуучулардын сот системасына болгон кызыгуусу, иш-чарага даярдыгы, тырышчаактыгы жана активдүү катышкандары үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, жаш муундарга билимин тартуулап, окуучулардын мамлекетке, мыйзамга болгон сый-урматын калыптандырып, жаштардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатууга салым кошкон мугалимдердин эмгеги өзгөчө белгиленди.