KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда чечендик өнөр боюнча тренинг болду

23 апреля 2021

Чечендик өнөрдүн машыктыруучусу Элмира Турсунова 2021-жылы 23-апрелде Бишкек шаардык сотунда “Чечендик өнөр жана риторика негиздери” боюнча тренинг өткөрдү.


Бул тренингге 15ден ашык сот кызматкерлери катышты.


Иш чаранын негизги максаты сот тутумунун кызматкерлеринин мамлекеттик тилде сүйлөө, эл алдында сүйлөө жөндөмүн өркүндөтүү жана оппоненттин же аудиториянын алдында өз позициясын туура чагылдыруу болду.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар эл алдында сүйлөөгө даярдануу, сүйлөө алдында кетирген негизги каталары, кол жаңсоолору жана алардын мааниси, сынга жооп берүү жана эл алдында сүйлөө коркуу сезиминен арылуу жана башка нерселерди үйрөнүштү. Тренингдин жүрүшүндө ар бир катышуучу  башка катышуучулардын алдында өзүн спикер катары сынап көрүштү.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев иш чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгүн белгилеп,  машыктыруучу Элмира Турсуновага “Ыраазычылык кат” тапшырды. Сот тутуму үчүн мындай тренингдерди өткөрүү зарылдыгын айтып, мындан ары  дагы кызматташууга чакырды.