Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — башкы мамлекеттик майрам. Кыргыз Республикасында бул дата жыл сайын 31 -августта белгиленет. Биздин өлкө үчүн 2021-жыл өзгөчө жыл — эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы.
Бүгүн, 2021-жылдын 27 -августунда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына Бишкек шаардык сотунда майрамдык иш -чара болуп өттү.
Бишкек шаардык сотунун атынан соттун кызматкерлерине ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык сотунун профсоюз комитетинин атынан соттун айрым кызматкерлерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомолор берилди.
Ошондой эле иш –чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышышты. Өз кезегинде, Сот департаментинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү сот кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга мамлекетибизде мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн жогорку кесипкөйлүктү каалашты, ошондой эле аппарат кызматкерлерин грамоталар менен сыйлашты.
Иш-чаранын соңунда Бишкек шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Гульмира Садыкова судьяларды жана соттун кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктап, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле мамлекетибиздин көз карандысыздыгы биздин эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз, ата-бабаларыбыздын ыйык мурасы. Өлкөбүздүн ар бир тургуну биздин мамлекет кандай жолду басып өткөнүн, кандай кыйынчылыктарды жеңип, кандай жетишкендиктерге жеткенин унутпашы керек экенин жана өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды экенин унутпоо керек, анткени биз анын эли экендигин белгиледи.