KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
996 (312) 66-42-15, 996 (312) 66-42-68 г. Бишкек, ул. Орозбекова 37
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту “Ата-Нуру” кайрымдуулук фондуна жардам көрсөттү

24 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Ата-Нуру” кайрымдуулук фонду жетим балдарга жардам берүү максатында, жаңы окуу жылынын башталышына карата “Балдарга бакыт тартуула” аттуу марафон өткөрдү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айгуль Айдарова, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышышты.


Бишкек шаардык сотунун судьялары аталган фондго мектеп формасы жана кеңсе буюмдары түрүндө жалпысынан 39 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү.


Мындай кайрымдуулук акцияларга сот тутумунунун кызматкерлери жыл сайын активдүү катышып келет.


«Ата-Нуру» кайрымдуулук фонду Бишкек шаардык сотунун судьяларына «Балдарга бакыт тартуула» аттуу марафондо ыкчамдыгы, ак ниети жана колдоосу үчүн ыраазычылык катын тапшырды.