23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаардык сотунда, Бишкек шаардык сотунун жалпы жамааты тартуулаган майрамдык иш-чара болуп өттү.Иш-чарага конок катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана чечендик өнөрдүн машыктыруучусу Эльмира Турсунова катышышты.Майрамдык кече кылымдардан келе жаткан рухубузду чагылдырган, эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, ага жаңы күч, дем берип, унутпоого, сот тутумунун кызматкерлеринин мамлекеттик тилде сүйлөөсүнө багытталган.